7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекетине кирүү жана чыгуу схемасы өзгөрүлдү

288

«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүндөн баштап ири масштабда реконструкциялоонун алкагында курулган аэробекет комплексинин жаңы бөлүгү пайдаланууга берилди. Жаңыланган терминалдын ачылышына байланыштуу жүргүнчүлөрдүн жана коноктордун жүрүү схемасы өзгөртүлүп, аэробекет имаратынын мурдагы кире бериши жабылды. Эми жаңы кирүү жана чыгуу жолдору комплекстин батыш тарабында жайгашкан.

Жүргүнчүлөр жана аэропорттун коноктору үчүн эл аралык тейлөө стандарттарына жооп берген заманбап мейкиндиктер жеткиликтүү болду. Алардын катарына жаңы күтүү залдары, каттоо аймактары, жаңыланган стерилдүү зона, ошондой эле ыңгайлуу учуп келүү аймагы кирет. Ошол эле учурда бүгүндөн баштап аэробекеттин эски бөлүгү реконструкциялоо иштерине байланыштуу жабылат.

Жаңыланган аэробекет комплекси аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана Кыргызстанды аймактагы заманбап авиациялык түйүн катары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

289