7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин жаңы жылга чейин чечүүнү пландоодо

581

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелерин жаңы жылга чейин чечүүнү мерчемдөөдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Жакырчылык жана теңсиздик» улуттук өнүгүү форумунда билдирди.

«Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери берген тапшырмаларынын үстүндө иштеп жатабыз. Жаңы жылга чейин чек ара маселелери чечилгенин билдиршибиз керек», — деди Акылбек Жапаров.

Жапаров быйыл Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо толук аяктаганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, октябрда Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюшкан.

582