7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Акорда» президенттик сарайына барды

193

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги онунчу жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) «Акорда» президенттик сарайына барды.

Президенттик сарайда иш-чарага келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөнүн лидерлери жыйындар залына өтүштү.

Уюмдун Мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунун темасы «TURKTIME» (Traditions – каада-салттар, Unification – биригүү, Reforms – реформалар, Knowledge – илим, Trust – ишеним, Investments – инвестициялар жана Mutual Energy – өз ара энергия) болуп саналат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышууда.

Венгриянын Премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы саммиттин ишине ТМУга байкоочу макамы бар өлкөлөр катары катышууда.

194