7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушту

517

Кыргызстандын Баткен облусунун Дахма аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен жана Исфара тилкелери боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынга ошондой эле Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын ортосундагы жаңжалдашуунун чоо-жайын изилдешти.

Жыйынтыгында тараптар чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда чагымчылдыкка жана кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө макулдашышты.

Мушташ фактысы ИИМдин аймактык органдары тарабынан иликтенип, мындан тышкары бул аймакка ИИМдин кошумча отряддары жиберилет.

Тараптар чек аранын биргелешип кайтарылган тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн биргелешип аракеттенүүнү макулдашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

518