7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстандын лидерлери Улуттук өндүрүмдөр көргөзмөсүнө барышты

392

Президент Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон бүгүн, 8-июлда, Душанбе шаарында эки өлкөнүн Улуттук өндүрүмдөр көргөзмөсүнө барышты.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн өнөр жайынын ар кандай тармактарындагы жетишкендиктерин көрсөткөн экспозициялар менен таанышты.

Кыргыз экспозициясы ата мекендик товарлардын жана технологиялардын кеңири спектрин камтып, өлкөнүн жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, автомобиль куруу (анын ичинде жеңил унааларды, кичи жана чоң жүк ташуучу унааларды чыгаруу), айыл чарбасы жана кайра иштетүү өндүрүшү сыяктуу тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Көргөзмө кыргыз бизнесинин мүмкүнчүлүктөрүн чагылдыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болуп калды.

393