7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Өзбекстандын төлөм системалары бири-бирин тейлей турган болду

408

Кыргызстандын “Элкарт” жана Өзбекстандын Humo (“Хумо”) улуттук төлөм системалары бири-биринин карталарын тейлөө боюнча өз ара эквайринг баштаганын жарыялашты. Бул тууралуу 11-декабрда “Элкартты” тейлеген «Банктар аралык процессиңг борбору» жана “Хумону”»Улуттук банктар аралык процессиңг борбору» тейлеген  кабарлады.

Эквайринг – товарларды жана кызматтарды сатып алууда банк карталары, смартфон же QR-код аркылуу накталай эмес төлөмдү тейлөө.

Келишимге ылайык, “Элкарт” Өзбекстандын аймагындагы банкоматтарда, төлөм терминалдарында жана башка төлөм жабдууларында тейленип баштаса, “Хумо” картасы Кыргызстандын аймагында кенен иштей берет дегенди түшүндүрөт.

“Элкарт” Кыргызстандын улуттук төлөм системасы катары 2004-жылы негизделген. Эл аралык MasterCard жана Visa карталары сыяктуу эле ал да колдонуучуларга “Элкарт” карталарын берет. “Элкартты” “Банктар аралык процессинг борбору” компаниясы тейлейт, компанияга 17 коммерциялык банк ээлик кылат. Борбордун сайтындагы маалыматтарга ылайык, 3,2 миллион даана “Элкарт” картасы бар, аны 2,6 миң банкомат, 45,4 миң төлөм терминалы тейлейт.

409