7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдан 34 контейнер мыйзамсыз ташылып келген

382

Кытайдан 34 контейнер мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгында «Торугарт» өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан «B. LLC» жана «Ү.жана.К.» ЖЧКларынын дарегине убактылуу ташып келүү документтери менен 34 контейнер ташып келинген. Бирок, контейнерлер азыркы убакытка чейин кайра чыгарыла элек. Ошондуктан алардын статусу Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасынын базасындагы ачык бойдон калууда.

Убактылуу ташып келүү шарттарын бузуу мамлекетке жалпысынан 2 млн сомдон ашык зыян келтирген (туумдарды кошкондо).

Бул факты тиешелүү каттоого алынып, материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

383