Жапониянын Осака шаарында Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешинде кыргызстандык футболчулар биринчи таймда беш топ киргизди.
- Турсунали Рустамов 22-мүнөттө;
- Гулжигит Алыкулов 29-мүнөттө;
- Фархат Мусабеков 34-мүнөттө;
- Алимардон Шүкүров 44-мүнөттө;
- Мирлан Мурзаев 45-мүнөттө.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталды. Оюндун 24 мүнөтүндө Мьянма оюнчусу Йан Наинг (Yan Naing) орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып беттештен чыгарылды.
Бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат.
Эскерте кетсек, аталган командалардын буга чейин 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн таймашында кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен.