11- июлга белгиленген Ош шаардык кеңешинин шайлоого, бүгүн, 11-июнга карата 7 партия катышуу ниетин билдирген. Маалыматты аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ниязбеков тастыктайт.
Алар,
- «Ынтымак»,
- «Улуу журт»,
- «Бир Бол»,
- «Бүтүн Кыргызстан»,
- «Биздин Кыргызстан»,
- «Ата-Журт-Кыргызстан»,
- «Улуттар биримдиги».
Бул партиялар азырынча катышуу ниетин гана билдиришкен. 13-июнга чейин документтерин тапшырып бүтсө, аймактык шайлоо комиссиясы 7 күндүн ичинде карап чыгып, каттоого алат.
Ушул жылдын 11-апрелинде болгон жергиликтүү кеңештердин шайлоосунан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоо жокко чыгарылган. Президент Садыр Жапаров кайра шайлоо мөөнөтүн 11-июлга дайындаган.
Тизме: Бишкек шаардык кеңешине 13 партия катышуу арызын берди