7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самарбек Болотбеков Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

678

Нарын шаарынын мэри болуп Самарбек Болотбеков шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, Нарын шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясынын жүрүшүндө Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Анда эки талапкер ат салышты. Алар,  Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын директору Суранов Алмаз Суранович, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими Болотбеков Самарбек Болотбекович.

Нарын шаардык кеңешинин көпчүлүк «Ынтымак» коалициясын түзгөн «Улуу Кыргызстан», «Ордо», «Патриот Ынтымагы», «Ыйман нуру» партиялары Самарбек Болотбековдун талапкерлигин көрсөтүшкөн. Азчылыкта калган «Бийлик элге», «Республика», «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиялары Алмаз Сурановдун талапкерлигин көрсөтүшкөн. Шайлоодо Самарбек Болотбековго 19 добуш, ал эми Алмаз Сурановго 12 депутат добуш берди.

Эскерте кетсек, буга чейин Нарын шаарынын мэри болуп Нурбек Молдокадыров иштеп келген. Нарын шаардык кеңешинде 31 депутат бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

679