7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Чоң Чүй каналынын абалы менен таанышты

621

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Панфилов районундагы батыш Чоң Чүй каналынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага фермерлер менен жолугушуп, сугат сууга жана ирригациялык объектилердин абалына байланыштуу маселелерди сүйлөшүштү.

«Бул көйгөйлөр тууралуу маалымат алып, сиздер менен жолугушуп, абалды талдоого алуу иретинде атайын келдим. Мен сиздердин кооптонууңуздарды түшүнүп турам. Кургакчылыкка байланыштуу фермерлер сугат сууга муктаж болууда. Тилекке каршы, мындай абал бул райондо гана орун алып жаткан жок. Азык-түлүк коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө турат. Тармактык түзүмдөргө жакын арада районду суу менен камсыздоо тапшырылган. Эгер эртеңден тарта сугат суу маселеси чечилбесе, облус, район жетекчилигине карата катуу чаралар көрүлөт», — деди ал.

Белгилей кетсек, Марипов Панфилов районундагы Киров айылындагы скважинаны көрүп чыгып, ага трансформатор жана насостук жабдуу орнотуу талап кылынарын, бул иш аткарылса, 40-50 гектар жерди сугарууга шарт түзүлөрүн кошумчалады. Төрага донордук уюмдар менен биргеликте тийиштүү долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу максатында Панфилов районунун ирригациялык тармагын өркүндөтүү боюнча сунушту кыска мөөнөттө киргизүүнү тапшырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

622