7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нефтетрейдерлер: Кыргызстан Россиядан күйүүчү майды толугу менен бажы төлөмүсүз алат

7

Кыргызстандын мунай трейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов «Кабар» агенттигине берген комментарийинде бензин жана дизелдик отундун чекене баасынын арзандашынын себептерин айтты.

Ал белгилегендей, учурда жергиликтүү рынокто өткөн жылдан калган күйүүчү майлар сатылууда, ал эми бул жыл үчүн баалар жаңыдан түзүлүүдө. Жеткирүү көлөмүнө келсек, Кыргызстан Россиядан жеңилдетилген шартта күйүүчү-майлоочу майдын зарыл болгон көлөмүн толугу менен алат.

«Кыргызстанга бензин жана дизелди бажы төлөмүсүз жеткирүү боюнча индикативдик баланс өткөн жылдын деңгээлинде бекитилди. Бирок, билесиздер, бизде биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде кайсы бир отундун түрү кошумча керек экенин көрсөк, аны каалаган убакта өзгөртүп, түзөтсө болот.

Күйүүчү-майлоочу майдын бааларына токтолсок, учурда баалар 1–1,5 сомго арзандады, бул сезондук мүнөзгө ээ. Бул декабрь айынын аягында, жаңы жылдык эс алуулардын алдында Россиянын мунай иштетүүчү заводдору кампада калган күйүүчү майдын дүң баасын түшүргөнү менен байланыштуу. 15-январдан кийин заводдор кайрадан иштей баштады, ал эми ушул айдын аягында февраль айына карата бааларды көрөбүз. Ошондон кийин гана бизде чекене баалар мындан ары кандай болорун айтсак болот», — деди Канатбек Эшатов.

8