7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Оренбургга гумжардам жөнөттү

483

Кыргызстан Россиянын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөттү.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирет.

20 жүк ташуучу унаадан турган “Жардам кербени” бүгүн, 20-апрелде жолго чыгып, Казакстан аркылуу Россиянын Оренбург облусуна жеткирилет.

Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды.

Алсак тамак-аш топтомуна — ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире (сок), таттуу азыктары, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер кирет.

Ал эми турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомуна — суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр кирет.

Ошондой эле кийим-кече топтомуна — оңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобелье), курулушка ылайыкталган резина өтүк кирет.

484