7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Түркияга эки учак гуманитардык жардам жана кошумча 100 куткаруучу жөнөтөт

720

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Түркия Республикасына эки учак гуманитардык жардам жөнөтүү камылгасы көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Боордош түрк элине колдоо көрсөтүү максатында кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

Ошондой эле бул учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

721