7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан-Таиланд. Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулат

346

Бүгүн, 16-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Таиланд курамасына каршы оюн өткөрөт. Бул улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы алгачкы беттеши.

Кыргыз футбол союзунан Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона бир жерде гана уюштуруларын билдиришти. Буга чейин борбор калаадагы «Дордой Плаза» жана «Азия Молл» соода борборунда «Ак шумкаларды» сүрөйм дегендер үчүн атайын аянтча уюштурулары айтылган болчу.

«Техникалык себептерден улам «Дордой Плазада» уюштурулбай калды. Фан-зона «Азия Молл» соода борборунун 3-кабатында гана уюштурулат», — деп билдиришти КФСдан.

Беттешке бир саат калганда атайын оюн-зоок программасы өтүп, күйөрмандар арасында белектер ойнотулат.

Белгилей кетсек, оюн Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өтөт. Оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат. «Ак шумкарлар» старттык оюнда ак түстөгү формада ойнойт.

Азия Кубогунун бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында «УТРК Спорт» каналында жеткиликтүү болот.

347