Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун жүрүшүндө 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү багытында “Кыргызстан — Өзбекстан” бизнес-форумунун жүрүшүндө кол коюлган документтер:
- КРнын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда Агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча “Жол картасы”;
- КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстан Республикасынын “Art Soft Holding” ЖЧК ортосунда суммасы 30 млн долларлык Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстан Республикасынын “Baxodir Log‘on Tekstil” ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда суммасы 8 млн долларлык булгаары өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум;
- КРнын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы менен Өзбекстан Республикасынын “Baxodir Log‘on Tekstil” ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда картошка өндүрүү боюнча кластер, мал чарба комплексин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- КРнын “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстандын “Узкимёимпекс” КБ ортосунда суммасы 20 млн долларлык инвестициялык курулуш долбоорунун алкагында биргелешкен өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасында кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексин куруу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстан Республикасынын “Golden Corn” ЖЧК ортосунда суммасы 100 млн долларлык Өзбекстан Республикасына Кыргыз Республикасынын жүгөрү данын жеткирүү келишим;
- Кыргыз Республикасынын “ТНК” Дастан” ААК менен Өзбекстан Республикасынын “Тошэлектроаппарат” ЖЧК ортосунда Кыргыз Республикасында электр энергиясын эсептөө приборлорун чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын “Элет Байтерек” ЖЧК менен Өзбекстан Республикасынын “Узпромстройматериалы” ассоциациясы ортосунда базальт ташын кайра иштетүүчү заводун куруу боюнча меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстан Республикасынын “Узавтосаноат” акционердик коому ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстан Республикасынын “UzXCMG” ЖЧК ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Эко Экспорт” ЖЧК менен Өзбекстан Республикасынын Жайыттарды өнүктүрүү ассоциациясы ортосундагы суммасы 10 млн долларлык Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү келишим.