Бүгүн, 26- январда Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, 38 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя болжол менен саат 12:00 чамаларында болгон. Бишкек-Нарын-Торугат унаа жолунун 126,100 чакырымында чоң жүк ташуучу “Хово” үлгүсүндөгү унаа күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып, айдоочу уктап кетип, рулга ээ боло албай жол боюндагы тосмону сүзгөн. Унааны 1986-жылы туулган айдоочу башкарган.
Жол кырсыгынын кесепетинин унаадагы 37 жаштагы жүргүнчү мерт кеткен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram