7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрөт үйүндө суукта тоңуп каза болду делген ымыркайдын окуясы иликтенүүдө. Жакындарынын билдирүүсү…

7480

46 жаштагы Чынара Мойдунованын баласы Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүндө төрөлүп, чарчап калган. Бул тууралуу Мойдунованын кызы  Тилек кызы Салтанат окуя боюнча айтып берди.

Окуя 20-январда болгон. Кызы Тилек кызы Салтанаттын айтымында апасы Чынара Мойдунова 7 айлык боюнда болгонго чейин Москвада дарыгерлерге көрүнүп жүргөн. Ал жактан эне-бала толук текшерилип, анализдери таза чыккан. Андан соң, бардык документтерин алып Кыргызстанга келген. Алгач  2 төрөт үйүнө барып, ал жакта Россиянын жараны деп алган эмес. Андан соң, №6 төрөт үйүнө келип, врач операция жолу менен аламын деп 200 доллар сураган.

«Апам аталган төрөт үйүнө көрүнүп жүргөн. Дарыгерине келгенде «төрөйүн деп калыпсың» деп операцияга алып кирип кеткен. Саат 5дерде операция болуп, 11лерде көзүн ачкан. Дарыгер реанимацияга кирип, трубкаларды чыгарып бир карап кеткен. Операция жүрүп жатканда апама белине эки жолу укол сайышкан. Таасир этпегенден соң, наркоз беришкен. Апам өзүнө келгенде эки буту иштебей калыптыр… Ошентип, бала жакшы төрөлүп, саат түнкү бирлерде баланы алып келишет. Бала саат түнкү бирден таңкы эртең мененки 8:30га чейин апамдын жанында бир жалаяк, бир шейшеп менен жатты. Реанимациянын ичинде бир эле жылыткыч бар экен, ичи муздак. Баланын оозу көгөрүп, тоңуп калган. Ошентип бала сууктан улам тоңуп калып каза болду. Азыр врачтар «кечирип коюнуздар» дегенден башка эч нерсени айта албай жатышат. Апам ооруканда жакшы сүйлөй албай жатат. Суук бөлмөдө түнү менен жатканы үчүн бөйрөктөрүнө, буттарына дагы суук тийип калган экен»,- деди кызы.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчиновага байланышканыбызда «Учурда комиссия иштеп жатат. Азырынча комментарий бере албайбыз. Жыйынтыктарга таянып айта алабыз»,— деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7481