7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган ооган элине гуманитардык жардам көрсөтөт

640

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жакынкы күнү 100 тонна азык-түлүк түрүндөгү,  тагыраагы 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна өсүмдүк майы жана 500 керебет, 500 жууркан(одеяло), 500 төшөк (матрац) ооган элине жеткирилет.

Ошондой эле эл аралык жарандык коргонуу уюму тарабынан бөлүнгөн 1 миллион акча каражатына аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу азыктары, гигиеналык каражаттар алынды.

Эске салсак, 7-октябрда Ооганстан Республикасынын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталган. Ооганстандын табигый кырсыктар министрлигинин өкүлүнүн расмий маалыматына ылайык, жер титирөөдөн 2000ден ашуун адам каза болуп, 9240 адам жаракат алып, 1300дөн ашуун турак-жай жабыркаган.

641