Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды. Бул тууралуу 7-каналга Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
«2017-жылдын «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн. Анын ичинен бүгүнкү күндө 47 мал базар ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды»,- деп берилет маалыматта.