7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Өкмөттүн акселераторлору» программасы башталды

375

Бүгүн, 15-мартта Кыргызстанда 100 күндүн ичинде реформаларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик кызматкерлерди жана кызыктар тараптарды окутуу боюнча эки күндүк интенсивдүү тренинг – “Өкмөттүн акселераторлору” программасы башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын расмий ачылышын өткөрүү 17-мартта өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин жыйынында белгиленген. Отурум Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Өкмөтүнүн жетекчилигинин катышуусу менен өтөт. Комитет президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен 2022-жылы түзүлгөнү белгиленет.

Окутуу атайын механизмге негизделген, ал тармактын көйгөйлүү маселелерин тездетилген режим — 100 күндө чечүүнү билдирет. Бул иш-чара БАЭ Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен өткөрүлүүдө.

Эске салсак, БАЭнин ийгиликтүү тажрыйбаларын жана алдыңкы өнүгүүсүн эске алуу менен 2021-жылы Мамлекет башчысы тарабынан БАЭнин жогорку жетекчилиги менен Кыргызстанда тездетилген реформаларды өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу — Кыргызстанда “Өкмөттүк акселераторлорду” киргизүү боюнча макулдашуу жетишилген. Бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу маселеси өлкө президенти тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Жетишилген макулдашуулардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БАЭ өкмөтү менен эки тараптуу меморандумга кол койгон. Ал “Өкмөттүк акселераторлор” долбоорун практикалык ишке ашырууну карайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376