7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 1954-жылдан берки геологиялык архив санариптештирилүүдө

240

Кыргызстанда 1954-жылдан бери жүргүзүлгөн геологиялык изилдөөлөрдүн архиви санариптик форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев 29-июнда журналисттерге билдирди.

Маалым болгондой, бул иштерге мамлекет тарабынан 65,5 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө архивдик документтердин 36 пайызы санариптештирилди.

Өлкөдө кен байлыктарга байланыштуу акыркы 50 жыл ичинде топтолгон 14 миңден ашык архивдик документ сакталууда. Бул материалдардын баары этап-этабы менен электрондук базага өткөрүлүп жатат.

Министрдин айтымында, геологиялык чалгындоо иштери бир нече жыл токтоп турган, учурда бул багыт кайра жандандырылды. Архивдик маалыматтарды толук санариптештирүү жакынкы 3- 4 жыл аралыгында аяктайт деп күтүлүүдө.

241