7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Багуучусунан айрылган студенттер үчүн пенсия алуу жеңилдетилет

129

16–23 жаштагы багуучусунан айрылган студенттерге төлөнүүчү жөлөкпул жана пенсияны узартуу тартиби жеңилдетилет. Бул маселе министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында каралды.

Маалым болгондой, учурда студенттер жөлөкпул же пенсияны улантуу үчүн жыл сайын Социалдык фондго же Эмгек министрлигине окуп жаткандыгы тууралуу маалым каттарды тапшырып турушат. Документтер өз убагында берилбесе, төлөмдөр убактылуу токтотулат.

Бул жагдай билим берүү мекемелеринин жана социалдык камсыздоо органдарынын маалымат базалары өз ара байланышпагандыктан келип чыгып жатканы белгиленди.

Мындан улам Билим берүү министрлиги менен Агартуу министрлигине студенттердин бирдиктүү санариптик маалымат базасын түзүү тапшырмасы берилди. Ал система кийин Социалдык фонд жана Эмгек министрлигинин базалары менен интеграцияланат.

Жаңы система ишке киргенден кийин мекемелер “Түндүк” электрондук системасы аркылуу студенттин окуусу тууралуу маалыматты автоматтык түрдө текшерип, жөлөкпул же пенсияны узартууну жеңилдетет. Бул студенттерди кошумча документ чогултуу түйшүгүнөн бошотот.

Учурда өлкөдө 18 миңден ашык студент багуучусунан айрылгандыгы үчүн жөлөкпул же пенсия алат. Тиешелүү системаны ишке киргизүү үчүн 100 күндүк мөөнөт берилди.

130