7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кең-Сууда 180 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

244

Мамлекеттик ипотекалык компания Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кең-Суу айылында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун баштады. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы турак жай комплекси 6 кабаттан турган 6 үйдөн турат. Анда жалпы 180 батир каралган. Анын ичинен 42си бир бөлмөлүү, 102си эки бөлмөлүү жана 36сы үч бөлмөлүү батирлер. Турак жай комплекси 1,65 гектар жер аянтын ээлеп, анын аймагында балдар аянтчасы, кичи футбол аянтчасы, теннис корту, эс алуу зоналары жана 220 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.

Курулуш иштерин келерки жылдын жай мезгилине чейин бүтүрүп, батирлерди пайдаланууга берүү пландалууда.

245