7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 3400дөн ашык соцкызматкердин эмгек акысы жогорулатылды

267

Кыргызстанда социалдык камсыздоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Маалым болгондой,  бул этапта министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн эмгек акысы жогорулатылды.

Жалпысынан Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун, «Келечек» майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборунун, «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун, бардык социалдык стационардык мекемелердин, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн 3400дөн ашуун кызматкерин камтыды.

Кызматтык маяналардын эселөө коэффициенттерин жогорулатуу менен кошо, административдик-башкаруучу, негизги жана жардамчы персоналга ай сайын 15 миң сом, ал эми техникалык жана тейлөөчү кенже персоналга 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмү кошумча киргизилди.

Министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу 2026-жылдын 1-сентябрына пландаштырылган. Анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү каралууда.

268