7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 500 киши катышкан “Talas connect” бизнес форуму өттү

206

25-апрелде Талас шаарында аймактагы ишкердик чөйрөнү жандандырууга багытталган ири иш-чара — “TALAS CONNECT” бизнес форуму болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалым болгондой, Талас бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, башкы демөөрчү катары “Альянс Алтын” компаниясы колдоо көрсөттү.

Форумга облус аймагынан жана өлкөнүн башка аймактарынан келген 500гө жакын ишкер, бизнес-тренерлер, министрликтердин өкүлдөрү, банк секторунун адистери жана жаш стартап ээлери катышып, ишкердикти өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелерди кеңири талкуулашты.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жана каржы мекемелеринин өкүлдөрү ишкерлер менен түз форматта жолугуп, салык системасы, жеңилдетилген насыялар, мамлекеттик колдоо программалары, экспорт мүмкүнчүлүктөрү боюнча суроолорго жооп беришти.

Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнүн айтымында, “TALAS CONNECT” бул жөн гана форум эмес, Таластын экономикалык жаңы демине айланган аянтча болду.

207