7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 413 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

619

Кыргызстанда бүгүн  коронавирус дагы 413 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 157, Ош шаарында – 51, Чүй облусунда – 98, Ош облусунда – 41, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 320 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 164, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 18 адам сакайды», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 733 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 915 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 114 бейтаптын абалы орто оордукта, 485 адамдын абалы оор жана 102 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 731 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 611 медкызматкер айыгып чыкты.

Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери 106 миң 636 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 100 миң 114 киши айыгып чыкса, 1 миң 842 адам каза болду.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620