Кыргызстанда 5-августка карата коронавирус илдетинен дагы 9 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, беш өлүм Бишкекте, экөө Чүй облусунда, Ошто 1 жана Ысык-Көл облусунда 1 өлүм катталды.
2020 -жылдын март айынан бери жалпы 2 миң 372 адам каза болду.