Бүгүнкү күндө өлкөдө 10 миң 935 бейтап коронавирус илдетинен улам дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 7 миң 629 бейтап амбулатордук негизде (үйдө), ал эми ооруканаларда — 3 миң 306 жаран. Анын ичинде 188 адам өтө оор абалда болсо, 888и оор абалда. 2 миң 158 бейтаптын абалы (же 65,2 пайызы) орточо, 35 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Бир сутка ичинде республикада 1 миң 550 адам оорукнаадан чыгарылды, анын ичинен Бишкекте — 1 миң 66, Ошто — 41, Чүй облусунда — 119, Ош облусунда — 68, Таласта — 34, Нарында — 20, Ысык -Көлдө — 21, Жалал -Абадда – 89 жана Баткенде — 92.
2020 -жылдын март айынан бери 152 миң 402 адам айыгып чыкты.