7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атабек Азисбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында 10-орунду ээледи

585

Кыргызстандык спортчу Атабек Азисбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында 10-орунду ээледи. Ал 3-августта грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки категорияда килемга чыккан.

Азисбеков биринчи беттеште дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган венгриялык Виктор Лоринцге 6:1 эсебинде жеңилип калган. Виктор Лоринц финалга чейин жетип барганына байланыштуу Азисбеков жубатуучу беттешке чыгып, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Бирок, кечээ 4-августта Азисбеков жубатуучу беттештин биринчи раундунда германиялык балбан менен күч сынашкан. Азисбеков беттештин биринчи бөлүгүн 2:0 менен уткан, бирок экинчи бөлүктө германиялык балбан 10 упай топтоп, жеңишти илип кеткен.

Жыйынтыгында грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки категорияда Азисбеков 16 спортчунун ичинен 10-орунду алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586