Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү тездетилген тартипте алуу мүмкүнчүлүгүн караган жаңы мамлекеттик кызмат иштелип жатат. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда күбөлүк стандарттык тартипте төрт жумушчу күндө берилсе, жаңы долбоордо аны 3 саатта, 1 же 2 жумушчу күндө алуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул үчүн жаран бардык документтерди тапшырып, сынактардан ийгиликтүү өтүшү керек.
Мекеме белгилегендей, мындай кызмат кезектерди кыскартып, жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатат. Айрыкча аймак тургундары жана убактысы чектелген адамдар үчүн пайдалуу болмокчу.
Учурда долбоор макулдашуу баскычында. Шашылыш кызматтын акысы тиешелүү органдар менен бирге аныкталат. Демилге 2025-жылдын 27-ноябрындагы №760 токтомго ылайык ишке ашырылууда.




