7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда алгачкы жолу жүндөн жер семирткич чыгарган ишкана курулат

614

Ак-Суу районуна алгачкы жолу жүндөн жер семирткич жасоочу жана жүндү кайра иштетүүчү ишкана курулууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-көлдүк ишкер Европа өлкөлөрүнүн жүндү иштетүүдөгү тажрыйбасын көрүп, Кыргызстанга ишкана ачууну көздөп, өзүнүн долбоору менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Долбоор фонддун байкоочу кеңеши тарабынан жактырылып, 14 млн сом пайызсыз насыя бөлүү чечими кабыл алынган. Учурда 5 млн сом каражат бөлүнгөн.

«Койдун жүнүн иштетүү тармагын кайрадан жандандыруу зарыл. Себеби бул тармак экономикалык жана экологиялык жактан алып караганда өлкө үчүн өтө чоң пайда алып келет. Алсак бүгүнкү күндө малчылар койдун жүнүн сата алышпай жөн гана ыргытып жеберүүгө мажбур болушат. Ал эми кайра иштетүүчү ишканалар ачылса жүндү өткөрүп, киреше табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле, 20 ашык жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү»,- деди ишкер.

Белгилей кетсек, ишканадан өндүрүлгөн жер семирткичтер Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Германияга экспорттолот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

615