Өлкөдө бензин арзандашы мүмкүн. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, 2023-жылдын январынан тартып бензиндин дүң баасы төмөндөгөн, бул чекене баага да таасир этиши керек.
«Кийинки айда рыноктун негизги оюнчулары бааны 5-6 сомго чейин төмөндөтөрү күтүлүүдө», «,- деп берилет маалыматта.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев күйүүчү майга 18-20 сом кошуп сатып жатышканын айтып, арзандатуу керектигин билдирген.