Бүгүнкү күндө бензиндин дүң баасы түштү. Кечээ дүңүнөн бензин ташыган ишкерлер менен сүйлөштүм. АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 45 сом ал эми, АИ-95 40 сомдон экен. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев жыйында билдирди.
«Азыр май куюучу жайларда 58 сомдон 62-65 сомго чейин сатылып жатат. Монополияга каршы агенттикти чакырыш керек, каякты карап отурат?! Мындай эч кандай болчу эмес. Мен да бензин менен иштегем, 3 сом кошуп сатчубуз. Азыр 18-20 сом кошуп сатып жатышат. Уят деген болуш керек да… Монополияга каршы агенттикти чакырып, сүйлөшүп бааны арзандатыш керек. Бензин арзандап калса, элге жеңил болмок»,- деди ал.