Республикада кызамык боюнча абал туруктуу, кызамык оорусунун айрым учурлары катталган. Жалпысынан 2023-жылдын 23-январына карата 4 кызамык жана 2 кызылча оорусу катталган. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлер көзөмөл жүргүзүп жатат.
Республикалык иммунопрофилактика борбору 2023-жылдын январь айында өлкөдө кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында кызамык жана кызылча оорусуна шектелген 10 кан үлгүсү лабораториялык текшерүүдөн өткөнүн, анын ичинен 4 анализ кызамык оорусуна оң натыйжа, алардын бири Түркиядан алынып келинген жана 2 анализ кызылча оорусуна оң натыйжа берген.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча 2022-жылы 1 учур, 2021-жылы 3 учур катталган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү протоколдук тапшырмалар кабыл алынды: кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдү күчөтүү, эмдөөнүн маанилүүлүгү жана кызамыкты алдын алуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу иш-чараларын күчөтүү. Ошондой эле, саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан оорулуу менен байланышта болгондорду көзөмөлдөө боюнча эпидемиологиялык чаралар көрүлүүдө.
Кызамык — бул вирус козгогон өтө жугуштуу инфекциялык оору. Бул инфекция жогорку сезгичтиги менен мүнөздөлөт — башкача айтканда, мурда кызамык менен оорубаган жана эмдөөдөн өтпөгөн адам кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, ооруп калуу ыктымалдыгы өтө жогору. Кызамык аба аркылуу жугат.
Инфекциянын булагы болуп кызамык менен ооруган бейтап саналат, ал инкубациялык мезгилдин акыркы 2 күнүнөн баштап тактар пайда болгондон 4-күнүнө чейин башкаларга жугузат. Оорунун башталшында сасык тумоого окшош симптомдор пайда болот: жалпы алсыздык, баш оору. Оорунун 1-2-күнүндө жаактын былжыр челинде майда аппак тактар пайда болот, андан соң оору башталгандан 4-5 күндөн кийин тактар акырындык менен жайылып баштайт: адегенде кулактын артына, бетте, моюнда, кийинки сутка аралыгында денеде жана колдо, 3-күнү буттарда пайда болот. Жакынкы 3-5 күндүн ичинде оорунун белгилери азайып, температура төмөндөйт.
Кызамыктын атайын дарылоосу жок. Бирок оорунун алдын алса болот. Алдын алуунун жападан жалгыз эффективдүү ыкмасы бул эмдөө. Эгерде вирус эмдөө менен камтуу 98% кем эмес чөйрөгө кирсе, оору жайылбайт. Эмдөө менен камтуу жамааттык иммунитетти түзөт. Эмдөө календарына ылайык, кызамыктан коргонуу үчүн вакцинанын эки дозасын алуу керек: 1 жашта жана 6 жашта. КПК вакцинасы коопсуз жана эффективдүү, бир эле учурда үч жугуштуу ооруга каршы иммунитетти камсыз кылат: кызамык, паротит жана кызылча.
Калкты эмдөө коомдук саламаттыкты сактоонун эң ийгиликтүү жана эффективдүү чараларынын бири болуп саналат.