7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда биринчи жолу чет элдик жаранга мекен-карт берилди

655

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов ата-энеси Кыргызстандын жараны болгон Ж.Исанбек кызы аттуу Россиянын жаранына биринчи «Мекен-картты» тапшырды.

Министр Исанбек кызын «Мекен-картты» алышы менен куттуктап, ага чың ден соолук, ийгилик жана бакубатчылык каалады.

«Мекен-карт» автоматташтырылган маалымат тутуму 2023-жылдын 13-мартында өндүрүштүк пайдаланууга берилген. Аны алуу үчүн документтерди кабыл алуу Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү паспорттоштуруу бөлүмдөрүндө жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, Калкты тейлөө борборлорунда жана Калкты каттоо департаментинин алдындагы аймактар аралык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт. Долбоор мурда КР жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга, алардын балдарына жана неберелерине мекендеш статусун алууга жана өлкөнүн аймагында болуу үчүн бардык артыкчылыктардан пайдаланууга мүмкүндүк берет, бирок шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

Мекендеш статусун алган адам:

  • Кыргызстандын аймагына визасыз чыгат/кирет, транзит менен өтө алат жана жүрө алат;
  • мамлекеттик жана муниципалдык органдардан тышкары иштей алат;
  • саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндө КР жарандары менен катар акы төлөнүүчү кызматтарды ала алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

656