7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда биринчи жолу лидер аялдар Курултайга чогулат

774

Кыргызстанда биринчи жолу лидер аялдардын Курултайы өтөт. Чүй, Ош жана Нарын аймактарында үч этап менен өтүүчү курултай, 25-августта башталып, сентябрь айынын аягына чейин уланат. Бул тууралуу Чүй облусунун активист аялдарынан тузүлгөң уюштуруу комитети «Марал» радиосуна берген маегинде кабарлады.

Маалым болгондой, аталган курултайга 300дөн ашык лидер аял катышат. Курултай активист аялдардын демилгеси менен Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешинин жана аял депутаттар форумунун колдоосу менен өтөт.

«Мындай иш-чараны өткөрүү өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө, ошондой эле аялдар кыймылынын коомдогу ордун жана ролун талдоону талап кылган пандемияга байланыштуу. Өлкө ар кандай окуяларды башынан өткөрүп, аялдардын башына келген чоң жоготууларга учурап эле тим болбостон, коомду түп-тамырынан бери өзгөртө турган саясий өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларына, жаңы типтеги потенциалга ээ болду. Кыргызстандык аялдар улам жаңы тармактарды өздөштүрүп, адатта эркектин жумушу деп эсептелген финансы, бизнес, илим, саясат, спорт, айыл чарбасы сыяктуу жана башка тармактарда ийгилик жаратууда. Кыргызстандын лидер аялдарынын Курултайы аялдардын прогрессивдүү жана баа жеткис тажрыйбасын аныктоо, изилдөө жана талкуулоо үчүн көп кырдуу аянтча болот», — деп билдиришти уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлү, Жогорку Кеңештин, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Курултайдын жыйынтыгында гендердик теңдикке жетүү үчүн реалдуу аракеттерди көрүү жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүү боюнча чечим кабыл алуу, ошондой эле Резолюцияны иштеп чыгуу пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

775