Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда эл аралык “Мисте land” фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка таянсак, иш чара 28-август күнү Кочкор-Ата шаарындагы “Нефтчи” стадионунда болот. Анын максаты Кыргызстанда өскөн мистени чет өлкөлөргө таанытуу, өлкөгө инвесторлорду тартууну көздөйт.
Фестивалга Түркия, Иран, Орусия, Татарстан, Казахстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышуусу күтүлүүдө.