Бишкекте №17 жаңы автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Автобустар “Красный строитель” турак жай аймагы — Кызыл-Аскер (айланма жол) каттамы боюнча жүрөт. Ошондой эле жалпы 15 автобус линиягы чыгат.
Жол кыймылы жарандардын ыңгайлуулугу үчүн «Эко Жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсынын жетекчилиги менен биргеликте иштелип чыккан. Сегиз автобус сыноо режимде кечээ, 20-августта линияга кирген.