7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду» каржылаган Түптөгү тигүү фабрикасы ишке кирди

794

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында район тургундарын 200 жумуш орду менен камсыздаган тигүү фабрикасын көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы андагы иштөө шарттары, иш орундарынын тартиби, өндүрүш техникаларынын абалы менен таанышты.

Түп айылындагы ишкана «Салкын» ЖЧКсы — Кыргызстандагы пахта продукциясын өндүргөн эң ири фабриканын филиалы болуп саналат. Ал токулган кездеме, байпак жана башка продукцияларды чыгарат.

Жергиликтүү тургундар жана фабриканын кызматкерлери менен баарлашуу учурунда Президент, буга чейин «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун» каражаттары ар кыл деңгээлде коррупциялык учурлар болуп, максатсыз пайдаланылганын, натыйжада көптөгөн жакшы регионалдык долбоорлор ишке ашпай калганын белгиледи.

Садыр Жапаров Түп айылында бүгүн ачылган 200 орундуу фабриканын мисалында эми Фонддун бардык каражаттары аймактагы ишкерлердин демилгелерин колдоого ачык-айкын бөлүштүрүлөрүн белгиледи.

Жергиликтүү тургундар Мамлекет башчысы менен баарлашууда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, жер тилкелерин трансформациялоо, ошондой эле социалдык-билим берүү объектилери — мектеп жана бала бакчаларды куруу маселелерин көтөрүштү.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өзгөчө акимдердин ролун күчөтүү, жөлөк пул жана бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акыларын жогорулатуу пландары жөнүндө айтып берди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

795