Кыргызстанда коронавирус 298 адамдан аныкталды. Бул тууралуу, Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 170, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 69, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.
Бир сутка ичинде Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду.
Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери 101 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 95 миң 114 киши айыгып чыкса, 1 миң 735 адам каза болду.