Чүй облусунда кыз ала качып бара жаткан эки жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин Жол кайгуул кызматы
билдирди.
Маалыматка караганда, 20-май күнү кечки саат 22:00дөр чамасында милицияга радиостанция аркылуу Бишкектин Октябрь районунан эки белгисиз адам 19 жаштагы кызды уурдап, белгисиз тарапка алып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Чүй облустук милициянын инспекторлору «Перехват» планы менен «Сосновка» постунан түнкү саат 00:30дар чамасында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны токтотуп, ала качууга шектелген эки жигитти кармашкан. Алар кызды Талас облусуна алып кетип бара жатканы аныкталды.
Колго түшүрүлгөн 23 жана 26 жаштагы жигиттер, ошондой эле ала качууга дуушар болгон кыз Бишкек шаарынын Октябрь райондук тергөө бөлүмүнө жеткирилген.