Реформа партиясы Бишкек шаардык кеңешине кайталап шайлоого катышат. Бул тууралуу саясий партиянын лидери Клара Сооронкулова билдирет.
Депутаттыкка талапкер партия чоң бюджети жок шайлоого бара тургандыгын белгиледи.
«Биз эч качан бюджетке ишенген эмеспиз. Добуш сатып алгандарга чоң бюджет керек деп ойлойм, биз буга чейин мындай кылган эмеспиз. Менин оюмча, бир айдан кийин бардыгы өзгөрүп, шайлоочу добушун сатууну, талапкерлер сатып алууну токтотпойт. «Кир технологиялар» колдонулган жана колдонула берет. Ошого карабастан, көп нерсе алардын добушунан көз каранды экендигин түшүнгөн адамдар бар деп ойлойм«, -дейт Сооронкулова.
Эскерте кетсек, 19-майда БШК Бишкек АШКнын чечимин колдогон. Борбор калаа кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.