Нарын облусунун тургундары 10 эмдөө пунктунан COVID-19 илдетине каршы вакцина ала алат. Бул тууралуу, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар вирустан коргой алган россиялык «Спутник V» жана кытайлык Sinopharm вакциналарын алууда.
Облустун беш районунда тең эмдөө пунктулары даярдалган:
- Нарын шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Ат-Башы районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Ак-Талаа районундагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- Тоголок Молдо айылындагы №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- Кош-Дөбө айылындагы №2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- Кара-Бүргөн айылындагы №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- Ак-Кыя айылындагы №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- Чолок-Кайың айылындагы №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- Кочкор районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Жумгал районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору.
Эскерте кетсек, Россиялык препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. 18ге толгондорго эмдөөдөн өтүү уруксат. Кош бойлуулар жана бала эмизгендер албайт.