Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматында өтчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Казаксттандын башчысы Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары аткарылган иштердин жыйынтыгы, анын ичинде биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, 2020-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамаларды угушат.
Эскерте кетсек, мүчө-мамлекеттеринин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө.