Кыргызстанда коронавирустун «дельта» штаммын жуктурган киши катталган эмес. Бул тууралуу «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди.
Маалыматка ылайык, вирустун «дельта» штаммы тез жугуп, инкубациялык мөөнөтү кыска экени аныкталган.
«Өлкөдө 85,7% альфа жана 14,2% бета штаммдары катталган. Коронавирустун жугушунун алдын алуу жана жеңил өткөрүү үчүн калкты 90% чейин эмдөө керек»,- деди Касымов.
Эскерте кетсек, бир сутка ичинде коронавирусту жуктургандар 1319 адамга жетти.