«УКМК «Кыргызтелеком» ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө коркунуч келтирип жатат делген маалымат боюнча чындыкка дал келбейт»-деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.
«УКМК «Кыргызтелеком» ААКтын директорлор кеңешинин ишине коркутуу жолу менен кысым көрсөтүү менен кийлигишип жатат делген ЖМКларда жайылтылып жаткан мааалыматтар чындыкка дал келбейт, Улуттук коопсуздук органдары «Кыргызтелеком» ААКтын ишине жана кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок.
УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташивдин ысымын жана кадыр-баркын пайдаланып, адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондор болсо, мыйзам боюнча тийиштүү чаралар каралат«, — деп жазылат.
УКМКнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жана фактылар болсо, УКМК нөөмөт бөлүмүнүн 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.