Кыргызстанда эң алгачкы “TALANT SHOW”вокалдык таймашы старт алды.
Сынактын максаты эл арасында катылган таланттарды эл алдына чыгаруу жана таанытуу, ошондой эле маданиятты көтөрүү.
Баса белгилей кетсек конкурс Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен ишке ашууда.
🔹Сынакка кимдер катыша алат?
-15 жаштан 35 жашка чейинки жаш таланттар;
-эстрада жана фольклор жаатында
🔹Кантип катышуучу боло аласыз?
-Онлайн режиминде: Сайт аркылуу же колл-центрдин жардамы менен;
-Катталууга паспорт жана сүрөт гана жетиштүү;
-Катышуу — акысыз
🔹Тандоо этаптары
Сынактын тандоо этабы Кыргызстандын 7 обулусу боюнча өтөт
-Каракол
-Нарын
-Талас
-Ош
-Жалал-Абад
-Баткен
-Бишкек
- Биринчи тандоо этабы: (10-августтан 10-сентябрга чейин) Калыстар тобу региондорду кыдырып мыкты 100 талантты тандап алат;
- Экинчи этап: (20-сентябрдан 25-ноябрга чейин)
-Тандалып алынган мыкты 40 катышуучу музыканттар жана педагогдор менен сынакка даярданат;
🔹Кароо-сынактын калыстары: Гүлзинат Суранчиева, Каныкей, Кайрат Примбердиев, Гулжигит Калыков
🔹 Уюштуруучулар: Өмүрбек Андарбеков жана Дарика Ибраимова
Сайт: иштелип чыгууда;
Аккредитация: 0705 464756 Айзада Нурадильева