7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда эттин кымбатташына жол берилбейт

12

Кыргызстанда эттин баасын негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына жер-жерлерде (район, шаарларда) мал этинин баасын тынымсыз көзөмөлдөп туруу, эгерде мамлекеттик көзөмөл киргизилгенден кийин эттин баасы негизсиз көтөргөн учурлар катталган болсо тийиштүү чараларды өз убагында көрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.


Белгилей кетсек, өлкөдө 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.


Ошондон улам Бакыт Төрөбаевдин дагы бир тапшырмасына ылайык Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин чекене баасын көзөмөлдөп туруу боюнча тапшырманы коюп, ага ылайык, этке болгон баа 700 сомдон төмөн болушу керек болчу.

13