Өлкөдөгү нефтетрейдерлердин ар бири өз алдынча иш алып барып, күйүүчү-майлоочу майга болгон бааны өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө жараша жогорулатып же арзандатышат. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, баанын кымбатташынын биринчи себеби — Россияда жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдор бүгүнкү күндө Кыргызстанга дүң бааны 18-20%га жогорулатышкан.
“Дүң баага карата Кыргызстандын ичинде күйүүчү майга болгон чекене баалар жогорулайт. Эгер бир заводдон дүңүнөн арзан алынса, чекене баалар 50-30 тыйынга жогорулайт. Кымбат сатып алынса, чекене да кымбат сатылат. Мында дүң баага жараша чекене баа калыптанат. Негизи Кыргызстанга күйүүчү майдын 90%дан ашыгы Россиядан келет. Учурда өлкөдө күйүүчү майга болгон тартыштык жок. Ар бир компаниянын сактоо көлөмүнө, резервуарына жараша кору бар. Бүгүнкү күндө бир эле көйгөйлүү маселе — баанын кымбатташы болуп жатат”, — деди Эшатов.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экендигин буга чейин Канат Эшатов «Кабар» агенттигине билдирген. Бүгүнкү күнгө карата күйүүчү майдын баасы өсүп, май куюучу жайлардын биринде 1 сомго, айрымдарында 2 сомго жогорулаганы байкалган. Мында баалар орточо төмөнкүдөй болууда:
- АИ-92 — 74,4 сом;
- АИ-95 — 79,4;
- Дизель — 78,8.

Күйүүчү-майлоочу майдын баасы жогору бойдон калып, айрыкча күн сайын жеке транспорт менен жүрүүгө аргасыз болгон айдоочулар каражатынын көп бөлүгү күйүүчү майга кетип жатканын белгилешет. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын кесепетинен Россия тарап бааларды жогорулатууда.
“Бүгүнкү күндө Кытай менен Индия мунай заттарын Россиядан алып башташты. Суроо-талап жогорулаган сайын бизге берген дүң баалар көтөрүлүп жатат. Андан тышкары, быйыл 5-февралда биринчилерден болуп Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Ошол эле мезгилде Тажикстанда, Өзбекстанда талаа иштери бизге караганда эрте башталган. Борбор Азия аймагындагы мамлекеттерде жазгы талаа иштери башталганда күйүүчү майга суроо-талап жогорулайт. Жыл сайын бул мезгилде Россиянын заводдору бааларды көтөрөт. Учурда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдар буга кошумча болуп жатат”, — деди ал.
Маалымдалгандай, Кыргызстанга жылына 1,5 млн тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу май керектелет. Ал эми бааларды Салык кызматы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт.
“Ар бир товарда, кызматта жол кире наркы болгондуктан, күйүүчү майдын кымбатташы башка товарлардын бааларына таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө биздин компаниялардын ар бири жеке ишкерлик кылып, кирешеси 1%га жетип-жетпеген өлчөмдө болот. Алдыда баалар кандай болот эч ким айта албайт, кырдаалга жараша болот”, — дейт ассоциация башчысы.
Өткөн аптанын соңунда экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов өлкөдө күйүүчү май баасынын көтөрүлүшүнө жол берилбестигин жана бул маселе министрлер кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин билдирген. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу баа тобокелчиликтери изилденип чыккандыгы кошумчаланган. Бирок учурда баалардын көтөрүлгөнү байкалууда.
Экономист Эркин Абдыразаков товар өндүрүүдө жана кызмат көрсөтүүдө транспорт каражаты кеңири колдонулуп, мында күйүүчү май эң башкы ролдо экендигин белгиледи.
“Ар бир көрсөтүлгөн кызматтын же товардын өздүк наркын товарды өндүрүүдө же кызматты аткарууда кеткен чыгымдардын жыйындысы десек болот. Товар өндүрүп, кызмат көрсөтүүдө чыгымдар болот. Мисалы, сөзсүз түрдө транспортту колдонобуз, бирөөлөргө акы төлөп беребиз, материалдарды сатып алабыз. Ошолордун наркын кошкондо өздүк нарк келип чыгат. Өздүк нарктын эсебинде транспорт каражаттары кеңири колдонулуп, күйүүчү май эң башкы ролду ойнойт. Мисалы, темир жолду, автотранспортту алабызбы же завод-фабрикаларды иштетебизби, бардыгына отун-энергиясы сарпталат. Ал эми мунайдын 90 пайыздан ашыгын биз башка өлкөлөрдөн сатып алабыз. Учурдагы Россия менен Украинанын ортосундагы, Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттердин натыйжасында газды, күйүүчү-майлоочу майларды, мунайды ташып келүү оор болуп, баа кескин түрдө кымбаттап кетти. Товарларды ташып келүүдө транспорттук чыгымдын өскөнүнө байланыштуу өндүрүлгөн товарлардын наркы, кызмат акылары да кымбаттайт. Бул — экономикалык мыйзам ченемдүү нерсе”, — деди Абдыразаков.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2 миллионго жакын автоунаа катталып, анын жарымын бензин менен жүргөн унаалар түзөт. Ал эми электр унааларынын саны 15 миңден ашып, жалпы сандын 0,8 пайызын гана түзөт.



